www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясына Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Турсунбай Бакир уулунун үстүнөн арыз түштү.
Талапкер Лейла Саралаева Фейсбуктагы баракчасына арызды анын өкүлү жазганын билдирди.
Саралаева Бишкек шаарындагы эки жерге Бакир уулунун сүрөтү, бюллетендеги номуру жана “Мен кайтып келдим” деген урааны жазылган баннер илингенин жана сүрөтүн жарыялап, таналапкерлердин бюллетендеги номурлары али тактала элек экенин жазган.
"Шайлоо алдындагы үгүт иштери али баштала элек, ал эми айрым талапкерлер эмитен эле башташты. Ленин районунда илинип турган баннерлерди карасаңар! Эң тажрыйбалуу саясатчы, депутаттыкка талапкер Бакир уулу үгүт иштерин азыртан эле баштап алган. Бул талапкер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамды одоно бузган деп эсептейбиз. Бүгүн менин өкүлүм Бакыт Абдыкеримов БШКга арыз менен кайрылды", - деп билдирди Саралаева.
Булак: NazarNews.kg