www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (КР БШК) Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) менен Эл аралык Кувейт университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Документке кол коюу иш-чарасына ЖБББнын директору Анара Бейшембаева жана ЭКУнун ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Байсеркеев Аскарбек Эсенович, университеттин профессордук-окутуучулук жамааты жана активдүү студенттери катышты.
Меморандумда жарандык билим берүү, укуктук тарбиялоо жана шайлоо маданиятын жогорулатуу чөйрөсүндө узак мөөнөттүү өнөктөштүк көздөлгөн. Өзгөчө басым – шайлоо укугу боюнча заманбап билим берүү методикаларын иштеп чыгуу үчүн ЭКУнун бай педагогикалык жана илимий потенциалын колдонууга жасалат.
Биргелешкен иштин негизги багыттары:
- КР БШКнын мүчөлөрү, эксперттер жана жаш изилдөөчүлөрдүн катышуусу менен биргелешкен илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу;
- ЭКУ студенттеринин ЖБББда стажировкадан өтүүсү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ЭКУнун ректору Аскарбек Байсеркеев университет келечектеги жогорку квалификациялуу адистерди даярдаган билим берүү мекемеси катары мамлекетке жана мыйзамга жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууну өзүнүн негизги миссияларынын бири деп эсептей турганын билдирди.
Ректор ЖБББ (ЦГОИТ) университеттин демилгелерин колдогону үчүн ыраазычылыгын айтып, Меморандум өлкөнүн алдыңкы педагогдорунун катышуусу менен жаштар арасында укуктук жана шайлоо маданиятын өнүктүрүү боюнча системалуу иштин башталышы экендигин баса белгиледи.