www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо күнү БШКнын сайты эмне үчүн бузулганы бүгүн түшүндүрүлдү – кайсы бир адис формула жазганда, бардык сандар 2 эсеге көбөйүп кеткен экен жана ал ката ылдам эле оңдолгон. Бирок формула качан жазылганы белгисиз – эгер БШКнын адиси аны 28-ноябрда жасаган болсо, ал – шайлоого кийлигишкендик. Эгер формула мурда жазылган болсо, анда башка адистер андай катаны тест учурунда көрүп, ошондо эле оңдош керек эле.

Сайтка маалымат жарыялаган кайсы болбосун журналист билет – редактор анын жазганын оңдоп, сайтка аны бир секунда ичинде чыгара алат. Бирок БШКнын сайты 40 мүнөттөй иштебей калбады беле.

Эгер БШК мурда дайым таза иштеген болсо, быйыл чын эле ката кетип калганына ишенсе болот эле. Бул жагынан БШК Статкомго окшош. Бирок БШК мурда дагы көп жолу жыйынтыктарды бурмалаганын баарыбыз көргөнбүз. Жетекчиси мурдагы бойдон калып, бирок БШК кокусунан адилеттүү болуп кеткенине ишенүү кыйын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости