www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын кол тамгаларды текшерген жумушчу тобу 7-декабрда президенттик шайлоого катышуу тууралуу ниетин билдирген экономист Кубан Чороев тапшырган кол тамгаларды жараксыз деп тапты. Бул тууралуу БШК билдирди.

Боршайкомдун жумушчу тобу текшерүү учурунда Кубан Чороев үчүн кол тамгалар барактарды басып чыгарууга акча төлөбөй туруп чогултула башталган жана муну менен эреже бузулган деп эсептейт.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоо мыйзамдарына ылайык, кол топтоо шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып башталат. Ага байланыштуу бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт. Чороев баракчаларды басып чыгарууга акчаны 3-декабрда, кол тамгаларды БШКга тапшыруунун акыркы күнүндө төлөгөн.

Өз кезегинде Кубан Чороев кол тамгаларды чогултууда эч кандай эреже бузулбаганын, өзүн жарыштан чыгаруунун артында саясат турганын айтып жатат.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Башында бул кызмат орун үчүн ат салышарын 65 киши расмий билдирген. Азыр анын 19у калды.

Алар негизинен белгиленген шайлоо күрөөсүн төккөндөр жана кеминде 30 миң кишинин кол тамгасын чогултуп, тапшыргандар.

Белгилей кетсек, БШК президенттикке талапкерлерди 14-декабрга чейин каттоого тийиш. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталып, 9-январда аяктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости