www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкө Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына карата камактагы 104 кишиге мунапыс берүү тууралуу жарлыкка кол койду.

УзА агенттигинин маалыматына караганда, алты киши негизги жазасынан толук бошотулса, 50 адам шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгат. Мындан тышкары дагы жети соттолуучунун жазасы жеңилдетилип, 41 кишинин жаза мөөнөтү жеңилдетилет.

Ырайым бериле тургандардын арасында 13 чет өлкөлүк жаран, 60 жаштан ашкан 9 эркек, 1 аял жана тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу үчүн соттолгон 21 киши бар.

Өзбек президенти өткөн жылы Конституция күнүнө карата камактагы 92 кишиге мунапыс берген. Андан кийин быйыл февралда 58 кишиге, 8-мартка карата 83, май айында Рамазан айына катара 258 жана өлкө Эгемендигинин 29 жылдыгына карата августта 11 кишиге ырайым берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости