www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын милициясы чет мамлекеттин жаранын банктан каракчылык кылган деген шек менен кармады. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 27-ноябрда саат 17:16да Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан банктын филиалына куралчан адам кирип келген. Ал тапанчасын алып чыгып, чет тилде сүйлөп акча берүүнү талап кылган. Бирок, ал банкты тоноо оюу ишке ашпай, кылмышкер качып кеткен. 

Жабырлануучулар милицияга кайрылып бул факты “Каракчылык” беренеси менен КЖБРге катталды. Натыйжада, Ленин РИИБдин милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашты. Ал 1998-жылы туулган М.Р. аттуу  Пакистандын жараны экендиги аныкталды. Андан оюнчук эки тапанча алынган.

Соттун чечими менен пакистандык бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда милиция бул жарандын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси жоктугун текшерүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости