www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда бөтөлкөлөшүн сабап өлтүргөн эркек кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-июнда Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына Ак-Ордо конушундагы үйлөрдүн биринен зомбулуктан каза болгон адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, каза болгон жарандын өздүгү такташканда ал 1980-жылы туулган Ж.Б. болуп чыккан.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Н.А. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү менен маркум бирге спирт ичимдиктерин ичип отуруп, уруша кетишкен. Натыйжада кылмышка шектүү жаран Ж.Б.ны сабап, андан кийин ал каза болуп калган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости