www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Murad Buildings компаниясынын негиздөөчүсү Мурод Назаров журналисттерге берген интервьюсунда алтын менен байытылган "Ocard" маркасындагы суу чыгарган компания Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожаевдин кызына таандык экенин айтты. Назаров жакында "Ocard" суусунун жарнамалык ролигинде Жеймс Бонддун ролун аткарган.
Журналист бизнесменден: "Сиз "Ocard" суусун рекламалап жатасыз. Бул марка сизге тиешелүүбү?" деп сураган. "Жок, ал Жахонгир Артыкхожаевдин кызына таандык. Көбү рекламага тартылууга чакырышат, бирок биз актер эмеспиз, рекламалык агенттик эмеспиз. Ал эми "Ocard" суусун жарнамалоого бир телефондук чалуу үчүн гана макул болдум", — деген Назаров.
Бизнесмендин айтымында, рекламаны Жеймс Бонддун образында тартуу сунушун Жахонгир Артыкхожаев берген. Анын өтүнүчү менен Назаров реклама үчүн акча алган эмес.
Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, "Ocard" компаниясынын түзүүчүсү Жахонгир Артыкхожаев. Буга чейин бир бөтөлкө "Ocard" суусу 515 миң сум (50 доллардын тегереги) тураары айтылган.
Булак: NazarNews.kg