www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Будапешт-Бишкек түз аба каттамы ачылат

Мажарстандын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында тараптар жакын арада Венгриянын WizzAir авиакомпаниясы тарабынан Будапешт — Бишкек — Будапешт багыты боюнча түз авиакаттам ачууну макулдашты. Бул тууралуу КР ТИМинин маалымат кызматы билдирди.

“Будапешт — Бишкек — Будапешт түз аба каттамын ачуу биз үчүн инвестициялык жана туристтик потенциалды мындан ары өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү”, — дешти министрликтен.

Иш сапарынын алкагында Петер Сийярто КРдин президенти Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен жолугушкан. Эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери боюнча кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 2-жыйыны өттү.

Жээнбек Кулубаев Петр Сийяртого КРдин жарандарын Украинадан эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридор берүү боюнча ыкчам чечим кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Тараптар 2022-жылдын 16-апрелинде Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгондугун өзгөчө белгилешти. Бул аралыкта кызматташуу жемиштүү болгону, өлкөлөр ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткени айтылды”, — дешти министрликтен.

Эки өлкөнүн ТИМ башчылары талкуулаган башка маселелер:

2022-жылы өз ара жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана парламенттер аралык байланыштарды мындан ары чыңдоо;

Мажар-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши, долбоорлордун ишке ашырылышы талкууланып, фонддун уставдык капиталын 50 миллион АКШ долларына чейин этап-этабы менен жогорулатуу боюнча макулдашуу;

Министрлер экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында биргелешкен ишти талкуулашты, 2021-жылдын 16-ноябрында Будапештте өткөн комиссиянын 2-жыйынынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти;

Венгер тарап быйыл Бишкекте кыргыз-венгер ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүгө чакырылган;

Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы, ошондой эле Вышеград тобу — Борбордук Азия форматындагы кызматташуу талкуунун өзүнчө темасы болду;

Кыргызстандын Мажарстанда жана Мажарстандын Кыргызстанда маданият күндөрүн өткөрүү;

Тышкы иштер министри Кулубаев Петер Сийяртого Stipendium Hungaricum программасынын алкагында Мажарстандын жогорку окуу жайларында кыргызстандык студенттердин билим алуу квотасын жыл сайын 200 орунга чейин көбөйтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Сийяртого быйыл Кыргызстанда биринчи кыргыз-мажар ректорлук конференциясын өткөрүү сунушталып, Stipendium Hungaricum жана Мажарстан ТИМинин Дипломатиялык академиясы маселелери боюнча мамлекеттик катчысы Оршоля Пачаи-Томашшич Кыргызстанга чакырылды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Маджарстандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2022-2025-жылдарга эки тараптуу кызматташуунун жол картасына.

2. Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Мажарстандын Адам ресурстары министрлигинин ортосундагы маданият тармагындагы кызматташуу жөнүндө меморандумга.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости