www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө атынан маданият министри баяндама жасайт. Андан соң ЮНЕСКО комиссиясы чечим кабыл алаары күтүлүүдө.
Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын демилгечи катары ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүнү сунуштайт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты" номинациясында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргизүү каралат.
Кыргызстандын атынан маданият министри Азамат Жаманкулов онлайн-баяндама жасайт. Андан соң ЮНЕСКО комиссиясы чечим кабыл алаары күтүлүүдө. Иш-чара Улуттук тарых музейинде саат 15:30-16:10 аралыгында өтөт.
Булак: NazarNews.kg