www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-декабрда саат 10:00дө Жогорку Кеңештин жыйыны башталат.
Жыйындын күн тартиби (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):
1. Ар кандай маселелер;
2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;
3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, Токой кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;
4. “Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Күрөө жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин 2021-жылдын 23-июнундагы №4684-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);
5. “Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө” мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Жогорку Кеңештин 2021-жылдын 22-июлундагы №4757-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);
6. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жардамчылары жана консультанттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жогорку Кеңештин 2010-жылдын 23-декабрындагы №59-V токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;
7. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылынын 24-майындагы №267-III токтому менен бекитилген Жогорку Кеңештин депутаттарынын консультанттары, жардамчылары жана референттери жөнүндө жобого толуктоо киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин 2007-жылдын 25-июнундагы №1935- III токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;
8. “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет;
9. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет;
10. “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет;
11. “2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Корея Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет;
12. “2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет;
13. “2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Армения Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет;
14. “2019-жылдын 19-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин тамеки продукциясына акциз тармагында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет);
15. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамын четке кагуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган).
Булак: NazarNews.kg