www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы 10-январга дайындалган референдумда үгүт жүргүзүү үчүн 15 топту каттады. Анын ичинде:
— президенттик республикага «макул» – 8 үгүт тобу;
— президенттик республикага «каршы» – 1 үгүт тобу;
— парламенттик республикага «макул» – 3 үгүт тобу;
— парламенттик республикага «каршы» – 1 үгүт тобу;
— бардык варианттарга каршы – 2 үгүт тобу.
28-декабрдан тарта «КТРК» менен «ЭлТРде» референдумга коюлган маселелерге «макул», «каршы» жана «бардык варианттарга каршы» үгүт топторунун дебаттары, жекече чыгып сүйлөөлөрү өткөрүлүүдө.
Чүчүкулактын негизинде бөлүштүрүлгөн эфир убактысына ылайык «КТРК» телеканалында үгүт топторунун кезектеги дебаттары 4-5-январда өткөрүлөт, эфир убактысы – саат 20:00дөн 22:00гө чейин.
«ЭлТР» телеканалында 6- 8-январь күндөрү саат 19:00-20:30 аралыгында өтөт.
Мындан тышкары, үгүт топторунун жеке кайрылуулары болот, ал ЭлТРде 4-5 январь күндөрү саат 22:05 -23:30.
КТРКда 6-8 январь күндөрү 22:30 до 23:30 аралыгында болот.
Кыргызстанда 10-январда президенттин шайлоо менен кошо референдум да болот.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg