www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Райымбек Матраимов ага карата козголгон кылмыш ишин мойнуна алганы менен, соттун чечими чыкмайынча, конфискация (мыйзамсыз кылмыштын айынан табылган мүлк) болбошу керек», - дейт жактоочу Замир Жоошев.
Анын айтымында, мыйзам баарына бирдей иштеши керек. Азыркы учурда эч кандай өкүм жок туруп УКМК мүлктү алганы туура эмес.
«Бажы кызматында 10 жылдын аралыгында коррупция болуп келсе, УКМК Райымбек Матраимов өлкөгө 2 млрд сом өлчөмүндө зыян келтирди деп айыптады. Бирок, 2 млрд сом экенин алар кантип аныктады? Кандай жол менен кантип аныкташканын элге түшүндүрүп беришсин.
Бажыдагы коррупциядан бир айда түшкөн кирешенин өзү эле 2 млрд экени айтылууда. Ошондон улам бул чечим боюнча көп күмөн саноолор жаралып жатат.
Бул күмөн саноолор барып-барып элдин азыркы бийликке болгон ишенимин жоготуп, каршы пикирин жаратат», - деди ал.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg