www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өмүрбек Өмүрбекке душман» заман башталды. «Көтани» наамы бар Өмүрбек Суваналиев Өмүрбек Текебаевдин соту жакында боло турган болсо, Леонид Маевскийге MegaComду сатыш үчүн 1 млн доллар алганын күбө катары аныктап берерин баса белгиледи. MegaCom эки компания сатмак, анын бирин Өмүрбек Чиркешович. Ошол жылдагы парламенттик шайлоодо миллиондогон чыгым болгон акчаларды жаап, калганын капчыгына салмак. Бул «Чубактын кунундай» чубалган окуя 2010-жылдын 21-декабрында болгон имиш. Ушул окуяны 2017-жылы ал кездеги президент Алмаз Атамбаев көтөрүп чыгып, Өмүрбек Текебаевди кылмышка тартат. Атамбаев менен Текебаевдин ортосунан 2016-жылы күзүндө кара мышык аралап кеткен. Ага чейин майдай-сүттөй келаткан Текебаев Конституциялык реформалардан улам Атамбаевге каршы чыгып, Атамбаев Кой-Таштагы жер участокторун көмүскө кирешелерден улам мыйзамсыз алганын күнөөлөп чыгат. Текебаевдин юристи  2017-жылы Дача-СУда жарылган «Боинг-747» учагындагы жүктөргө Атамбаевдин тиешеси бар деп чыгат. Текебаев Леонид Маевскийге MegaComду сатыш үчүн 1 млн доллар алганы боюнча кылмыш иши козголуп камалып кетет. 2019-жылы жайында бул иш Жогорку сотто каралып Текебаевдер үй камагына бошотулган.

Учурда эксперттердин айтымында Көтани күч тармактарынын бирин жетектеш үчүн бардыгына даяр. Депутат болуу түшүнөн кетпеген Көтани парламенттик шайлоо алдында жыла чуркап «Бүтүн Кыргызстан» партиясына кошулуп, 2020-жылдын 4-октябрында болгон парламенттик шайлоодо 7 пайыздык чектен өтүшүп башкаларга жол бербей өтүп кетишкен. Арийне, бийлик төңкөрүшү башталар менен Көтани менен Курсан Асанов өңдөрүн хамалеондой тездик менен өзгөртүшүп, парламентте өткөн партияны чанышып, бир заматта байкуш кейиптерин кийишип, башаламандыкты уюштургандарды көздөй мөңкүгөн бойдон кире качышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости