www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан инвестор мамлекеттерге кайрылып, өлкөнүн тышкы карыздары менен пайыздарын төлөө мөөнөтүн 2021-жылдын ортосуна чейин жылдыра турууну өтүндү. Бул тууралуу чет элдик маалымат убалктар жэазып чыкты. 

Маалыматка караганда, насыяларды төлөө мөөнөттөрүнүн жылдырылышы Тажикстанга социалдык тармакка, саламаттык сактоого жана коронавируска каршы күрөшүүгө көбүрөөк каражат бөлүүгө мүмкүндүк бере тургандыгы белгиленген.

Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, азырынча тажик бийлигинин өтүнүчүнө Кытай гана жооп берип, карызды төлөө мөөнөтүн 2021-жылдын ортосуна чейин жылдырууга макул болду.

Өткөн жылы ноябрда Тажикстандын Каржы министри Файзиддин Каххорзода Өкмөт 2021-жылы эл аралык каржы уюмдарынан 562 миллион доллар насыя алууну пландап жатканын, анын негизги бөлүгү Рогун ГЭСин куруп бүткөрүүгө жумшала турганын билдирген.

2020-жылдын 1-октябрына карата Тажикстандын тышкы карызы 3,7 миллиард долларга жеткен. Бул өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 43,3% түзөт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости