www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир адамдын өлүмү 18 кишинин өлүмүнө себепчи болду

Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы Мураднагар шаарында маркумду акыркы сапарга узатууда имараттын чатыры урап 18 адам каза болду.

Алдын ала маалым болгондой, кырсыктан 18 адам каза болсо, 38 адам куткарылган.

Полиция жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлери урандынын алдынан адамдарды издөө иштерин дагы да улантып жатканы айтылууда.

Белгилей кетсек, окуяга байланыштуу Индиянын президенти менен премьер-министри каза болгондордун жакындарына көңүл айтканын чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Уттар-Прадеш штатынын башкы министри Йоги Адитянат каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 200 миң рупий (225 миң 450 сом) өлчөмүндө материалдык жардам берилээрин билдирген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости