www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Сариев:

2021-жылдын 2-январына карата Президентти шайлооо жана Конституциялык референдум өткөрүү боюнча 3 млн 567 миң бюллетень чыгарылып, жер-жерлерге таратылды. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулардын саны 3 млн 558 миңден көбүрөөк. «Форма №2нин» жоюлушу шайлоочулардын санына таасир эткен жок. Анткени эч бир жаран шайлоо укугунан ажыратылган эмес.

--«Алдыдагы шайлоолордо добуш берүүчүлөрдүн катарына 18 жашка толгон жана биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар кошулду. Мындан улам шайлоочулардын саны мурдагыга салыштырмалуу бир аз жогорулады. Ал эми катышуучулардын саны болжолдуу түрдө азайышы мүмкүн. Ага  «Форма №2нин» жоюлушу таасир бериши ыктымал. Катышуу шайлоочулардын кызыкчылыгына байланыштуу болот. Суукта айрымдар сыртка чыгууга көңүлдөнбөшү мүмкүн», - дейт Сариев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости