www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын айыл чарба министринин орун басары Вохиджон Ахмаджоновдун башкаруусундагы «Chevrolet Gentra» үлгүсүндөгү автоунаа ашууда жол кырсыкка кабылды.

Маалым болгондой, окуя жаңы жыл түнү Камчик ашуусунда болгон.

Жол кырсыктан кийин айдоочунун министрдин орун басарынын 34 жаштагы жубайы жана 3 жаштагы кызы көз жумду. Өзү ооруканага жеткирилген. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, жубайлар майрамга карата Ферганадагы ата-энесинин үйүнө бара жатышкан.

Наманган облустук ички иштер башкармалыгынын расмий маалыматы боюнча, кырсык Ташкент—Ош жолунун 258-чакырымында болгон. Аталган унаанын арткы оң тарабы «Gentra» унаасына урунган. Экинчи унаа 1996-жылы туулган жигиттин башкаруусунда болчу.

Транспорт каражатын пайдалануу эрежесин бузуп, адам өлүмүнө алып келген деген айып менен кылмыш иш козголду.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости