www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыздарга юмордун кереги жок, алардын күнүмдүк жашоосунун өзү юмор» деп айтылат эл арасында. Мурда куудулдар күнүмдүк турмуштан алынган окуялар менен элди күлдүрүп келчү. Азыр болсо, жай турмуш жок, куудулдар да багытын өзгөртүп, саясатты башкы фишка кылып алышты. Микрофон кармагандын баары эле саясаттан кеп кыла калат.  

«Саясаттагы окуяларды эле интермедия кылып, адамдардын кадыр-баркына шек келтирип, мыскылдоо- бул юмор эмес, түркөйлүк», - дейт белгилүү журналист Дайырбек Орунбеков.

«Кошуна эле казак, өзбектердин куудулдары элди күнүмдүк турмуштагы көрүнүштөрдү юмор кылып, боорду эзип күлдүрөт. Биздин куудулдар изденүүдөн зээригет же деңгээлдери өспөй калган. Учурунда, эл союздун күчтүү бийлигинен боштондукка чыгып, жаңы демократиялык түшүнүктөр калыптанып баштаганда куудулдар Аскар Акаевди шылдыңдап элди күлдүрчү эле. Бирок андай юмордун доору бүткөн. Саясаттагы окуяларды эле интермедия кылып, адамдардын кадыр-баркына шек келтирип, мыскылдоо- бул юмор эмес, түркөйлүк.

Мага, «Жарайт сити», «Эл эмне дейт?» деген жаштардын юморлору жагат. Эч кимге асылбайт, кадырын тебелебейт. Тек гана аялы менен күйөсү, достордун ортосундагы мамилелерди укмуштуудай кылып жеткиришет. Рахман аке, кайсы бир талапкердин пайдасы үчүн, көп жыл топтогон кадырыңызды төкпөй эле пенсияга чыгып же изденүү үстүндө иштешиңиз керек окшойт. Бул жеке менин көз карашым», - деди ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости