www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эркингүл Абдылдаева Бишкектеги Карылар жана майыптар үйүнүн директору кызматына кайта турган болду. Тиешелүү чечимди Жогорку сот чыгарганын Абдылдаеванын жактоочусу Бактыбек Жумашев 3-январда билдирди.
Маалыматка ылайык, көптөн бери уланып келген талаш-тартышка Жогорку сот өткөн аптада чекит койду. Андан кийин 30-декабрда социалдык өнүгүү министри Ализа Солтонбекованын буйругу менен Эркингүл Абдылдаеванын кызматы калыбына келтирилди.
Ал министрликти Улукбек Кочкоров жетектеп турганда мекемеде түзүлгөн атайын комиссиянын текшерүүсүнүн негизинде иштен алынган. Кийинчерээк Абдылдаева Социалдык өнүгүү министрлигин сотко берип, бардык инстанцияда утуп алган.
Соттордун анын кызматын калыбына келтирүү тууралуу чечими аткарылбады деген негизде жактоочу Жогорку сотко кайрылган.
28-декабрда Карылар үйүнүн мурдагы кызматкерлери мекеменин учурдагы башчысы Адылбек Козубаевге каршы Бишкектеги өкмөт имаратынын алдына акцияга чыгышкан. Нааразы тарап Козубаев мекемени башкарган бир жыл аралыгында 30га жакын кызматкерди иштен алганын айтышкан.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg