www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз, дайыма айтып келебиз: 2010-жылдагы Ош, Жалал-Абад коогалаңы акыйкат тапмайынча, биздин өлкө өнүгүү жолуна түшпөйт деп. Себеби дал ошол 2010-жылдан бери, биз жашообузда болуп өткөн окуяларды таптакыр тескерисинен айтып, бурмалап, акты кара деп калганбыз. Бул жөн эле биздин күнүмдүк жашообуз эмес, бул биздин келечекте жазылып кала турган тарыхыбыз.

Тарыхын өзгөртөм, бурмалайм деген өлкөлөр жер менен жексен болуп, жок болуп кеткен мамлекеттер бар. Биздин тарыхты Атамбаев, Отунбаева, Текебаевдер баш болгон баягы эле арамзаадалар жалгандан токуп жазып, айтып келишет.

Анын үстүнө, түштүк согушунда бейкүнөө өлгөн миңдеген карапайым адамдардын арбактары ушул күнгө чейин тынч албай чыркырап келишет. Ошон үчүн биз оңолбойбуз.

Эмесе сөз бир четинен болсун:

Баягы эле ыйманын жуткан саткын Бектур Асанов: «Кадыржан Батыров, Салахидинов, Абдуллаевалар менен турганымда, эч кандай чакырыктар болгон эмес» деп каратып туруп жалганды ышкыртып жатат. Дал ошол жерде Кадыржан Батыровдун топтолгон өзбек элине: «Башыңарды көтөргүлө, биз 20 жылдан бери күткөн күндөр келе жатат. Азыр бизди Атамбаев, Отунбаева, Текебаевдер колдоп жатышат. Биз да бир «мазза» кылып жашайлычы» деп сүйлөгөндө, Бектур Асанов жанында туруп кол чаап жатканын бүткүл Түштүк эли угуп, көргөн.

Тултуйган бетиңди урайын акмак! Сен акмактын бетиңи итке таштаса, ит да жийиркенип жебейт. Эмне, он жыл өттү, эл унутуп калды деп каратып туруп ыйманыңы жутуп жатасыңбы? Сени адам деп арабызга кошуп жүргөн биз акмактар экенбиз. Башка элде сендей саткынды батырбай өлкөдөн кууп чыкмак, же ташбараң кылып алигече тынчытып салмак.

Убактылуу Өкмөттүн кан ичкич «шакалдары», Атамбаевди хан сарайда колдогон жугундукорлор, Түштүк элин бөлүп, кемсинтип келген гени бузук трайбалистер, Атамбаевди актап жаткан соттор! билип койгула, Түштүк элинин башына түшкөн азабы, күнөөсү жок өлгөндөрдүн убалы, жетим балдар менен жесир калган аялдардын көз жашы, элдин төгүлгөн каны силерди уктатпайт.

Түштүктө өзүңөрдүн кыргызыңардын каны төгүлүп жатса: «сарттар менен өзбектер согушуп жатат» деп тамаша кылган акмактарды Кудай жазалайт. Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт экен. Малча боло албаган кыргыздарды ким десе болот?

Мына эми, ошончо адамдын убалына калган кылмышкер Атамбаевди азыркы соттор ар бир кылмышынан актап жатышат. Демек, Атамбаев ала турган каргыштар бүт ошол сотторго тийсин. Согушту Атамбаев менен Отунбаева ойлоп чыгарышкан. «Сырт жактан үчүнчү күчтөр бар» дешип, Түштүк элин эч нерсе түшүнбөгөн жиндиге чыгарбай эле коюшсун. Түштүк коогалаңы эмне үчүн чыкканын, кимдерге керек болгонун бүт билебиз, ошон үчүн он жылдан бери ачыкка чыксын деп какшап келебиз. Балдарын жоготуп зар какшаган энелердин үнү, көз жаштары Убактылуу Өкмөттүн кузгундарына, Атамбаевди колдогон жугундукорлорго, Атамбаевди актаган сотторго түз барып тийсин.

Биз УӨттү, сотторду жазага тартылышын талап кылып чыгабыз. Элдин каарынан эч жакка качып кутула албайсыңар. Каарынан качып сыртка чыксаңар да, каргышынан кача албайсыңар, кыргыздын шоруна жаралган эл душмандары.

Шамурза Бөрүкулов

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости