www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев Испаниянын «Леванте» футболдук клубуна чакыруу алды. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«15 жаштагы кенже уулум Эмир-Хан «Паоло Россинин» академиясында бир жарым жыл окуду жана Италиянын «Перуджа» футболдук клубунда жарым жылдай ойноду. Эми Испаниянын «Леванте» футболдук клубунун кароосуна чакыруу алды жана биринчи жолу чет өлкөгө мен жок кетип жатат.

Уулум, сага бардык жакшылыктарды каалайм, эми сен «Ла Лигада» ойногон биринчи кыргыз футболчусу болосуң деп ойлойм», - деп жазды Ташиев.

Белгилей кетсек, «Леванте» футболдук клубу 1909-жылы негизделген. Учурда бул футболдук клуб Испания чемпиондугунун жогорку лигасында (Ла Лига) ойнойт жана Ла Лиганын турнирдик жадыбалында 18 упайы менен 13-орунда келе жатат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости