www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы Фемида тармагынын коррупцияланышып кеткенинин мисалы Камил Осмоналиевдин байлыгынан улам билинет. «Жалкоо менен аңкоодон башканын бары уурдабайт» деген ураанды бекем кармаган бүгүнкү соттун накта жүзү, анын байлыгын санап отурган адам шок болот же жок болот. Камил Осмоналиев киреше булактары жок туруп, көптөгөн кыймылсыз мүлктү, Ысык-Көлдүн жээгинен абройлуу пансионаттардан коттедждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алган. Мыйзамсыз тапкан мүлкүн башка кишилерге каттатып, өзү Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, АКШ жана башка мамлекеттердин курорттук аймактарына байма-бай каттап турган. Бул ортодо ал коммерциялык ишканалардын бирине биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң АКШ долларынан ашык акча бергени маалым болгон. Булар чети гана. Ушундай арам тамактарды кекиртектен алган УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, муфтий үчөө «кимибиз улукбуз»-деп талаша кетет. Мечитке барышса муфтийге «урматтуу таксыр» деп кайрылышат экен, сотко барышса, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага «Улуу даражалуу сот» - деп тосуп алышат. Камчыбек Ташиев бет келген фирмага кирип барса, «Оо, кудайым ай»- дешет: «Оо, кудай, дагы эле УКМКдан келдиңизби?»
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg