www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапыкеев:

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев Бишкек Жылуулук электр борборуна Кара-Кеченин көмүрү туура келбегенин айтып, ЖЭБдин курулушун кылгандар жоопко тартылаарын билдирди. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

--"Достор, азыр Флагштогко барып келдим, ал жерде чакчайып күн тийип турат. Ал шаарда газовая атака болуп турат. Кара- Кече көмүрү туура келбейт. Бышалек көмүр. Бул ТЭЦти ким өткөрүп, кимдер курса буюрса жооп беришет. Шайлоону өткөрүп алалык. Мени акча алып же негатив жазгандар, ушак таратып жургондор аман болушсун. Кайра газга түшүп келип кофе ичип кеттик. Ушул кофейня да туура беш жыл чай ичтим. Экинчи офис ушул эле, дем алыш күнү кофе ичип отурдук.

Достор буюрса Финансовая Полиция Кыргызской Республики толук кандуу ишин баштайт. АКСта жакшы иштеп атышат. Ал Бишкекти каптаган түтүнгө салым кошуп жаткан ЖЭБге жагылган көмүрдүн сапаты начар деп эсептейт. Достор силердин эле жана Жараткандын колдоосу керек",-деп жазды Жапыкеев. 

Бишкек Жылуулук электр борборуна жылына 1 млн. 110 тонна көмүр керектелет. Бишкек ЖЭБинин жетекчилигинин маалыматына ылайык, анын 850 миңи күз-кыш мезгилинде жагылат. Көмүрдүн 680 миң тоннасы Кара-Кечеден алынат. 

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз, айрым бөлүгү электр жарыгысыз калган.

Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Мурдагы премьер-министрлер баш болгон жогорку кызмат адамдары соттолгон. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости