www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясы бүгүн, 5-январда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева боюнча жыйынга чогулуп, бирок ал өзү катыша албай калгандыктан, жыйынды башка күнү өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу кеңештин басма сөз катчысы Назира Сагыналиева билдирген.
Анын айтымында, Тартип комиссиясынын жыйынына Башкы прокуратуранын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлдөрү катышты. Бирок Калиева ден соолугуна байланыштуу бул ирет бара албай калганын, ансыз жыйынды өткөрбөй кое турууну өтүнүп комиссияга арыз менен кайрылган. Атайын кызматтын жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Калиеванын өтүнүчүнө макул болушту.
Комиссия жыйын кайсы күнгө белгиленери кошумча маалымдарын билдирди.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg