www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Испаниядагы Mercedes-Benz Espana заводунан иштен бошогон кызматкери ызасы менен 50дөн ашуун автокөлүктү талкалап салган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Аталган окуя Испаниядагы Виктория шаарында болгон. 38 жаштагы киши штат кыскартылгандыктан жумушунан бошотулган. Ыза болуп калган адис жетекчисинен өчүн өзгөчө жол менен алгандыгын төмөндөгу тасмадан көрүүгө болот.
Ал жаңы жыл алдында Caterpillar экскаваторун уурдап чыгып, 21 чакырым жол басып "Mercedes" заводуна жеткен. Андан соң "Mercedes-Benz" автоунаалары токтотулган дарбазаны сүзүп кирип, жаңы минивэндерди чекесинен талкалай баштаган. Экс-кызматкер полиция келип аны кармагыча элүү автоунааны жараксыз кылууга жетишкен.
Жумуштан бошотулган адам кандайча баарын майыштырып салгандыгын окуяга күбө болгон кишилер видеого тартып алган. Кадрдан V-Class жана Vito үлгүсүндөгү фургондорду көрүүгө болот.
Чыккан маалыматтарга караганда, бул окуядан эч ким жабыркаган эмес. Чыгымдын жалпы суммасы алты миллион доллардан ашык деп бааланган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg