www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кайрымдуулук каражаттарын чогултуу үчүн кутучаларды жайгаштыруу, орнотуу жана колдонуу тартибин иштеп чыгууну сунуштап жатат. Министрлик бул аракет мыйзамсыз чогултуулардын санын азайтууга, коомдун кайрымдуулук уюмдарына болгон ишенимин жогорулатууга жана алардын ишинин натыйжалуулугун арттырууга мүмкүндүк берет деп эсептейт.
Министрлик ошондой эле унаа жолдорунун жүрүүчү бөлүгүндө, кесилиштерде, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирген жана адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүүчү башка жерлерде акча каражаттарын чогултууга байланыштуу кайрымдуулук ишин жүргүзүүгө тыюу салууну сунуштайт.
Укук бузуулар жөнүндө кодекске жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарын бузуу менен кайрымдуулук каражаттарын чогултууну ишке ашыргандыгы үчүн жоопкерчиликти караган, иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарды ички иштер органдарына таандык кылган жаңы 190¹-берене менен толуктоо сунушталууда.
Эмгек министрлиги кайрымдуулук уюмдарына кайрымдуулук каражаттарын чогултуунун жана пайдалануунун ачык-айкындуулугуна, анын ичинде маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды колдонуу менен талаптарды коюуну каалайт.