www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-сентябрда Бухара облусунун Гиждуван аймагында жел электр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги билдирди. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары кабарлады. 

Министрликтин маалыматына караганда, долбоордун жалпы наркы – 1,8 миллиард доллар, кубаттуулугу 1,5 миң МВт. Долбоор үч айлампадан турат.

Өзбекстан 2017-жылы орду толукталып турчу энергия булактары тууралуу программа кабыл алган.

2018-жылы Өзбекстан Орусия менен атомдук электр станциясын салуу боюнча келишим түзгөн. Расмий Ташкент АЭС Казакстан менен чек арага жакын Тузкан көлүнүн жанына салынышы мүмкүн экенин билдирген.

Эске сала кетсек буга чейин жел электр станциясынын куруу үчүн Кыргызстанга келген инвесторлор кайра кетип калышкан. Ага себеп биздин айрым аткаминерлер алардан "шапка" сурашкан. Бул тууралуу маалымат боюнча ТЭЦ боюнча камакка алынган Айбек Калиев "в курсе".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости