www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык милициясы тарабынан “ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси боюнча изделип жүргөн жаран колго түшүрүлдү.

Айтсак, Октябрь РИИБине 2019-жылдын 14-январында Б.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал Э.М. аттуу адам анын ишенимине кирип, Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын сатып алам деген шылтоо менен ушул күнгө чейин акчасын бербей, из жашырып жүргөн. Жабырлануучуга 5 миң АКШ долларында чыгып келтирилген. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Атайын жүргүзүлгөн оперативдик издөө-иликтөө иш чаралардын жүрүшүндө из жашырып жүргөн адам колго түшүрүлдү. Ал 1981-жылы туулган Э.М. Учурда аны СИЗО-1ге эки айга камакка алуу чечими чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости