www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сөздү чаргытпай ток этер жеринен баштайлычы? Маселен кийинки кезде өлкөдөн сыртта жүргөндөрдү байма-бай чагылдырууга өтүштү. Эки качкын президенттин арасында мурдагы Оштун мэри Мелис Мырзакматов да бар экенин унуткан эместирбиз? Бийлик алмашкандан бери журналисттердин да бүйүрү кызып өзүнө ыңгайлуу каармандардын таржымалын кеңири билдирүүгө бел байлашты. Ал тургай Өмүрбек Текебаевдин оозунан демделген биринчи сөзү Мырзакматовду мекенине кайтарыш керек деп чыкты.

Андан соң кан кудасы, мурдагы жандоочторуна тил бүттү. Акыйкатына келсек башкаларга салыштырмалуу Мелистин шансы жогору турат. Ал кан агызып, элди тополоңго салып кеткен эмес. Эгерде азыркылардын тилин табышса зып этип Ошко учуп келип беймарал басып жүрүүгө шарты бар. Оболу мамлекеттин биринчи адамы менен алаканы оңдоо жетиштүү. Учурда ал чыйырды деле тапса болорун турмуш өзү далилдеп жатпайбы? - деп жазып чыкты "Ачык сөз" гезити бүгүнкү чыккан санында.

Тунгуч президент болгон Аскар Акаев болсо төрт күн мурда 75 жашка толду. Бакубатчылыкта жашагандыктан сымбаты кетпептир. Дале болсо демине май токоч бышчудай. Кеткен ажону сындаганына, келгенин мактаганына караганда жергесине келүүгө үмүтү бардай. Анын үстүнө бир кездеги “идеологу” Осмонакун, лаборанты, башка үзөңгүлөштөрү опол тоодой киши эле деген жылуу-жумшак пикирлерин токушуп бул жактан куттуктоолорун жаадырышты. Леп эттире шыбагасын илип алчулар көз ачып жумгуча Акайычты таптаза кылып “шыбап” жиберишти.

Саламың калың болсо биз дайыма даярбыз кызматка дегендердин жамакайы жабылчудай түрү көрүнбөйт. Негизи бул кишинин деле күнөстүү жергебизге келүүсүнө шансы бар. Манас аэропортунан миңдеген адамдар тосуп алса эле куштай учуп Кеминге жетип калат. Алгач кызы Бермет келип таасирдүү адамдарга жолугуп, ишти кынаптап койсо эсепке кирет. Болгону коомчулуктун пикирин оңдоп-түзөп турган колдоочулары болсо басма сөз каражаттары табитти ачып берет.

Арийне, дагы бир башкы каарман Курманбек Бакиевдин келүүгө мүмкүнчүлүгү канчалык экенин айтуу оор. Себеби, анын мойнуна жүктөлгөн жууса кеткис күнөөсү бар. 87 мекендешибиздин кырчындай өмүрү Салиевичтин абийирине чапталган. Канчалык андай кыянаттык кылган эмес деп алды-артын тазалаган менен ошондой сыпаттамадан кутула албайт. Ооба, ар кандай ыкмаларды, амалдарды колдонуп аны актоого кылган мээнеттери суу кечпей калууда.

Атын көчөгө берер замат коомчулук ызылдап, эртеси бийлик алдырууга мажбур болгону жөн жерден эмес. Туурасын айтканда Бакиевдин өлкөгө келүүгө азырынча жолу ачылбайт. Анын тарабындагы маалымат каражаттары мактап, даңктап шыралгасын ала берүүгө гана шарты бар десек көпчүлүктүн басымдуу катмары макул болот. Демек, жетимиштеги карыябыз шүк отура бериши кажет азырынча…

Булак:NazarNews.kg

Последние новости