www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лондондун Кингс колледжинин адистеринин тобу абанын булганышы өспүрүмдөрдүн жүрөгүнө тийгизген таасирин айтышты. Изилдөөнүн жыйынтыгы Current Problems in Cardiology журналында жарыяланды.

Иштин жүрүшүндө илимпоздор он эки жаштан жогорку курактагы 15 000 өспүрүмдү камтыган изилдөөлөрдүн мета-анализин жүргүзүшкөн. Бул иштердин бешөө Европада, калгандары булгануу деңгээли жогору болгон Кытайда жүргүзүлгөн.

12 жаштагы жана андан улуураак балдарда PM2.5 жана PM10 майда бөлүкчөлөрү узак мөөнөттүү таасир эткенде (эгер начар аймактарда жашаса) диастоликалык кан басымдын жогорулашына себеп болгону аныкталган. Мындай молекулалар автоунаалардан чыккан газдар учурунда, жыгачты күйгүзгөндө же өнөр жай өндүрүшүнүн ишмердүүлүгү учурунда пайда болот. Балалык жана өспүрүм курактагы жогорку кан басымы бойго жеткенде гипертония жана жүрөк оорусунун пайда болуу коркунучунун алдын ала көрсөткүчү болуп саналат. Ноябрда Американын Неврология академиясынын мүчөлөрү климаттын өзгөрүшү неврологиялык оорулардын санын көбөйтүшү мүмкүн экенин байкашкан.

Белгилей кетсек, IQAir агенттигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 21-ноябрында саат 11:00гө карата Бишкек шаарындагы абанын сапаты 29 AQI болгон. Бул абанын сапатынын индекси жакшы деп эсептелет. 21-ноябрдагы абанын сапаты жана абанын булганышы боюнча дүнөдөгү шаарлардын рейтингинде Бишкек 74-орунда турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости