www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ишеним», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары омбудсмендикке Атыр Абдрахматованы көрсөтүшүп, комитет да колдоп, сыягы жеңишке жетип калды. Мындан башка таасирдүү талапкер деле жок.

Эмне үчүн Атыр айым алдыга суурулду? Себеби, анын артында Арзыбек Бурканов менен Теңгиз Белтүрүк турганы, сүрөөнгө алышканы кабарланды. Бул эки эргулдун бизнес, кадр саясаты жагынан таасирлери артып кеткени, көмүскөдөн көп иштерди жасаганы ыраспы? «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дейт.

«Ишеним» партиясынын кожоюну Бурканов экени жалганбы? Соңку убакта ал көшөгө артынан бүтүндөй парламентти башкарып атканына эмне дейсиңер? Айтор, суроолор көп. Бөлтүрүккө келсек, Кумтөрдүн мыкчыгери» катары эбегейсиз байлыктын үстүндө отурганы, бийликке сөзү өтүмдүү экени талашсыз.

Эртең Ысык-Көл облусунда кенге байланыштуу чатактар чыгып калса, жети өгүздүк омбудсмен Абдрахматованы иштетип, элди жайгарары болжонууда. Сыягы, баары алдын ала пландалып, жолго салынганын карабайсыңарбы? Ушул иштерди аткаруучу катары куда-депутат Акылбек Түмөнбаев аркалап, чуркап жүрдү.

Булак: Азия News гезити

Последние новости