www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн 10-декабрда Бишкекте Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча соттук териштирүү уланат. Жабыркаган тарап “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, бүгүн жарыш сөз башталат. Бул тууралуу Азаттык билдирди.
Ишти Свердлов райондук соту карап жатат. Буга чейин 32 күбөнүн 20га жакыны суралып бүттү.
Судья Санжар Чотонов биринчи жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын окуп берип, кыздын “төшүндө жана ичинде көптөгөн жарааттар” болгону, “кабыргалары сынганын, бети жана буттары тытылганын” билдирген. Психиатриялык экспертизанын жыйынтыгында "шектүү Бөдөшевдин акыл-эси ордунда" деген жыйынтык чыкканы да айытылган.
Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.
Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен иш козголгон. Кийинчерээк Бөдөшевдин досу Акмат Сейитов да кармалган.
Булак: NazarNews.kg