www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз жигитгерин кордогон, далайын өлтүргөн Азиз Батукаевдин жалган диагноз менен түрмөдөн чыгып кетиши намысыбызды тебелеген болчу. Буга Атамбаевдик бийлик жол берген. А кимдер салым кошкон? Ошол кездеги коопсуздук кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев, түрмөлөрдүн башчысы Зарылбек Рысалиев, акыйкатчы Турсунбек Акундун аттары коомчулукга өзгөчө айтылып, айыпталып атканы боюнча баа берилеби?

Бул жагынан күч органдары дыкат иликтөө иштерин жүргүзүшүп, кимдердин күнөөлөрү бар экенин тастыкташ керек. Учурда З.Рысалиев менен Т.Акун өз чындыкгарын айтышууда. Ал эми Б.Табалдиев тымпыйып отурат. Андыктан, биз бу кишиге суроо салалы:

-Урматтуу Бусурманкул Беркутович, сиз Батукаевди чыгарууда негизги ролду ойноп, чечендин чоңдору чалса сүйлөшүп, жогору жактан «мыйзамдагы уурунун» түрмөдөн чыгып кетиши туурасында буйрук бердиңиз беле?

Батукаев камактан бошосо, Жаныш Бакиевди чөгөлөтүп туруп кармап келерин айттыңыз беле?

Ошол тушта сиз жооптуу кызматты аркалап тургансыз, дал ушул «операцияга» катышкандар чечендерге алданып, 100 миңдеген жасалма долларларды алышканы ыраспы?..

Бул суроолорго Бусурманкул Табалдиев жооп узатса, гезит бетинен орун берилет. Өлкөбүздө азыр Азиз Батукаевге байланышкан курч кырдаал түзүлдү. Коомчулук нааразы болуп турат. Албетте, аны бошоткондор кимдер экенин эл билиши керек, о.э. мамлекеттик чыккынчылар мыйзам чегиндеги жоопко тартылышы зарыл!

Булак: АЗИЯnews.kg

Последние новости