www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өлкөсүнүн коронавируска каршы вакцина алуусуна Бүткүл дүйнөлүк банк каражат бөлөт. Дүйнөлүк банктын Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хасан Накви 20 миллион доллардан 25 миллион долларга чейин каражат берилерин кабарлады.

Маалым болгондой, дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн каражатка кандай вакцина алынарын Кыргыз тарап чечет. Бирок алына турган вакцина Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылышы зарыл.

Ошондой эле дүйнөлүк банк аралыктан окутуудагы кемчиликтерди жоюуга багытталган "Бардыгын үйрөнүү" долбоору үчүн 50 миллион доллар бөлөт.

"Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргыз өлкөсүндө жалпы суммасы 763 миллион долларды түзгөн 24 долбоорду ишке ашырат. Анын ичинен 100 миллион доллардан ашыгы буга чейин сарпталган. Соңку 5-6 айдын ичинде саясий процесстерге байланыштуу долбоорлорду ишке ашыруу басаңдаганы байкалды", - деди Навид Хасан Накви.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости