www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өнөр жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Практикалык чаралардын планына («Жол картасына») президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Жалпысынан 550,4 млн АКШ доллары суммасындагы 60 долбоорду ишке ашыруу каралган, алардын арасында төмөнкүлөр бар:

- Баштапкы капиталы 50 млн АКШ долларын түзгөн Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондун уюштуруу;

- Чүй облусуна сметалык баасы 100 млн АКШ долларын түзгөн жүгөрү иштетүүчү ишкана ачуу;

- Фергана облусунда «GeoBetonBagdad» ААК базасында бетондон буюм өндүрүү боюнча 40 млн АКШ доллары суммасындагы долбоорду ишке ашыруу;

- 15 млн АКШ доллары суммасындагы «Кызыл-Кыя» соода-логистикалык борборун куруу долбоору;

- 15 млн АКШ доллары суммасындагы медициналык багыттагы атайы желим-техникалык буюмдарды өндүрүүнү уюштуруу жана медициналык жабдууларды өндүрүү;

- 12,5 млн АКШ доллары суммасындагы мөмө-жемишти кайра иштетүү жана сактоо, аны Кыргыз Республикасы аркылуу ЕАЭБ рыногуна экспорттоо боюнча биргелешкен дүң-логистикалык борборлорду түзүү;

- 10 млн АКШ доллары суммасындагы заманбап күнөскана чарбасын жана логистикалык борборду түзүү;

- Наркы 8 млн АКШ доллары турган Наманган облусундагы жемиштерди кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк-логистикалык ишкананы өнүктүрүүгө инвестиция тартуу;

- Наркы 8 млн АКШ доллары турган «Uni Mobile» ААК биргелешкен ишкана базасында цемент заводун куруу боюнча жана башка долбоорлорду ишке ашыруу.

Белгилей кетсек, тараптар Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосунда өнөр-жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча «Жол картасына» киргизилген долбоорлорду ички мамлекеттик макулдашуудан өткөрөт. Тараптар аркылуу долбоорлор кароо процессинде толукталып, же четке кагылышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости