www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Израиль армиясынын 30-июлда Бейруттун калк жыш жайгашкан аймактарына жасаган соккусуна тынчсызданып жатканын БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик билдирди.

“Жагдайлар дагы такталмайынча, биз дагы бир жолу тараптарды максималдуу сабырдуулукка жана бардык кызыкдар тараптарды мындан ары эскалациядан качууга чакырабыз”, – деп түшүндүрдү БУУнун өкүлү.

БУУ Израилдин армиясынын Бейруттун калк жыш жайгашкан райондоруна жасаган чабуулуна терең тынчсызданып жатат. Ошондой эле бардык тараптар эл аралык мыйзамдарга ылайык өз милдеттенмелерин аткарууга милдеттүү экени баса белгиленет.

Дюжарриктин айтымында, тараптар БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1701 резолюциясын толугу менен аткарып, жаңжалды токтоосуз токтотушу керек.

Кечээ Израиль күчтөрү Бейруттун түштүгүндөгү Хухрейк аймагындагы Хезболла кеңешинин имаратына абадан сокку урду. Израил армиясынын чабуулунан үч киши өлүп, 74 киши жараланды.

Израиль бийлиги 12 баланын жана өспүрүмдөрдүн өмүрүн алган Голан дөңсөөлөрүндөгү кыштакка ракеталык кол салууга жооптуу болгон “Хизболла” кыймылынын жогорку аскерий командири Фуад Шукрдын өлтүрүлгөнүн билдирди.

Последние новости