www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы штаб-квартирасынын сунушу менен 2021-жылдын сентябрында Нью-Йоркто өтчү азык-түлүк коопсуздугу саммитинин алкагында бир нече улуттук диалог уюштурулат.
Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Акимбек Бектеналиев кабарлады.
"Бул саммиттин алкагында биздин министрлик бир нече улуттук диалогдорду ишке ашырат. Анда Кыргызстанда туруктуу азык-түлүк системасын куруу, жашыл экономика жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу башкы темалардан болмокчу. Калктын тамактануу коопсуздугу, айыл чарбасын жакшыртуу жаатында улуттук диалогго катышкысы келген тараптарга эшик ачык", - деди Бектеналиев.
БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонио Ожиело соңку учурда өлкөдө азык-түлүктүн баасы өсүп, элдин көбү өз кирешесин тамак-аш сатып алууга жумшап жатканын белгилеп, коронавирус пандемиясы баалардын өсүшүн шарттаганын айтты.
"Абалды жөнгө салуу үчүн айыл-чарба тармагындагы өндүрүштү арттыруу керек. БУУнун азык-түлүк коопсуздугу агенттиги баштаган эл аралык уюмдар бул багытта менчик тараптар, мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар бирге иш алып баруусу зарыл", - деди Ожиело.
Азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу БУУ Кыргызстанда алты иш-чара өткөрүүнү пландап жатат.
Булак: NazarNews.kg