www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Улуттар Уюмунyн (БУУ) эксперттери Беларустагы нааразылык акциялары учурунда кармалган демонстранттарга кыйноо колдонулган тууралуу 450 окуяны документтештирди. Арасында аялдарга жана балдарга байланыштуу далилдер көрсөтүлгөн. Бул тууралуу БУУнун адам укуктары боюнча улук комиссарынын башкармалыгынын сайтына 1-сентябрь күнү жарыяланды.
Маалыматта белгиленгендей, алты адамдын кайда экенинен жакындары кабарсыз.
БУУ кармалгандарды кыйноого алууну токтотууга, камакка алынгандарды мазактап, токмоктогон күч кызматкерлерин жоопко тартууга чакырды.
Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодо өлкөнү дээрлик отуз жылга жакын убакыттан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңип чыкканы жарыяланган. Андан бери элде нааразалык күчөп, каршылык акциялары токтой элек. Толкундоолор учурунда бир канча киши көз жумганы тууралуу маалымдалган. Жалпысынан 8 минден ашык адам камакка алынган.
Булак: NazarNews.kg