www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУ: Эки айда Газанын түндүгүн ачарчылык каптайт

Газа секторунун түндүгү ачарчылыкка кептелери анык болуп калганы, мындай абал алдыдагы эки ай ичинде жаралары 18-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) колдоосу менен жарыяланган баяндамада белгиленди.

Анда айтылгандай, «катастрофалык ачарчылык» коркунучу жаралган адамдар 1,1 миллионго жетти, бул Газа секторунун калкынын дээрлик жарымы.

"Азыр Газа секторунун эли ачкадан өлүп жатат. Ачарчылыктын жасалма кризисинин жайылып жаткан ылдамдыгы үрөйдү учурат", – деди БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Синди Маккейн.

Oxfam кайрымдуулук уюму 18-мартта Израилди Газа секторуна гуманитардык жардам жеткирүүнү «системалык түрдө жана атайылап үзгүлтүккө учуратууда, эл аралык гуманитардык укукту бузууда» деп айыптады.

Европа Биримдигинин тышкы саясий мекемесинин башчысы Жозеп Боррел Израилди Газа секторунда «ачарчылык абалды күчөтүп, аны согуштун куралы катары колдонуп жатат» деп күнөөлөдү.

Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац Боррелди "Израилди айыптоону токтоткула жана ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган) кылмыштарынан коргонуу укугубузду тааныгыла” деп үндөдү.

Ал Израил каалоочулардын баарына Газага гуманитардык жардамды жерден да, абадан да, деңизден да жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бергенин, бирок муну ХАМАС бузганын белгиледи.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жалпысынан сектордо азыркы согуш башталгандан бери каза тапкандар 31 миңден ашты.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу бир нече аптадан бери жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Алар Рамазан айы учурунда атышууну убактылуу токтотууга жетишүү аракетин көрүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости