www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУ: Израил Газа элин атайылап ачкачылык кылууда

Геноцид үчүн айыпталган Израил блокададагы Газа тилкесинин элин атайылап ачкачылыкка учуратып жатканын Бириккен Улуттар Уюмунун кабарчылары билдирди. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги кабарлады.

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү Израил армиясынын гуманитардык жардам ташыган жүк ташуучу унааларга жана жардам бөлүштүрүүчү жайларда күтүп турган палестиналык жарандарга кол салышын айыптап, кеминде 118 киши каза болду. Алар курчоого алынган Газада жергиликтүү тамак-аш өндүрүү системасынын жок кылынышын “массалык өлтүрүү” деп аташкан.

"Израиль 8-октябрдан бери Газа тилкесинде элди атайылап ачкачылыкка учуратып жатат, азыр карапайым калкка жана гуманитардык жардам кербендерине кол салууда", - деп белгилешти атайын баяндамачылар.

БУУнун өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда, Израил координаттарын алдын ала алганына карабастан, гуманитардык жүк ташыган жүк ташуучу унаалардын кербендерин кайра-кайра ок чыгарган. Тель-Авив эл аралык укуктук милдеттенмелерди жана эл аралык соттун убактылуу тыюу салуу чаралары боюнча чечимдерин аткарбастан, «үрөй учурган кылмыштарды» жасоону улантууда.

Ошондой эле Израилдин Газа тилкесине гуманитардык жардамды системалуу түрдө чектөө пункттарында жүктөрдү тосуу, гуманитардык жардам кербендерине кол салуу жана гуманитардык жардам издеп келген жарандарга ок чыгаруу менен чектелиши белгиленди.

БУУнун спикерлери Газа калкы арасында болуп көрбөгөндөй ачарчылыктын тездик менен жайылып жатканына тынчсыздануусун билдирип, эксклавда кеңири жайылган ачарчылык коркунучу тууралуу эскертүүлөр мындан бир нече ай мурун айтылганын эске салды.

«БУУнун өкүлдөрү Тель-Авивдин эл аралык гуманитардык мыйзамдарды бузуусун токтотуу үчүн Израилге каршы курал эмбаргосун жана санкцияларды киргизүүнү талап кылышты», - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 29-февралда Израилдин Газа тилкесинде гуманитардык жардам күтүп жаткан палестиналыктарга кол салуусунун натыйжасында 100дөн ашуун адам каза болгон. БУУнун Коопсуздук Кеңеши АКШнын каршылыгынан улам бул абал үчүн Израил армиясын айыптаган билдирүүнү кабыл ала алган жок. 3-мартта Израил армиясы Газа тилкесинин борборунда гуманитардык жүк ташыган унааны сүзүп, 9 киши каза болгон. БУУдагы сындын фонунда Израил эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлү Гилад Эрданды “тез арада кеңешүү үчүн” чакырды.

Последние новости