www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык объектилерге чабуул жасоону токтотуу керек экендигин БУУнун Башкы катчысынын өкүлү Стефан Дюжарик Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Белгородду аткылганы боюнча берген комментарийинде айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Россиянын Белгород шаары ракета менен аткыланганы боюнча билдирүүлөрдү көрдүк, эл аралык гуманитардык укуктарда карапайым калк менен объектилерге чабуул коюу такыр болбостугун жана ал токтотулушу керектигин кайрадан кайталайбыз", — деген Дюжарик брифингде.

Россиянын Коргоо министрлиги 15-февралда саат 12.30га чукул Абадагы кол салуудан коргонуучу түзүмдөр Белгород облусунун аймагынын үстүнөн Украина күчтөрү кое берген реактивдүү 14 снарядды жок кылганын билдирген. Маалыматта алар RM-70 Vampire системасынан атылганы айтылган. РФтин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында чабуулдун айынан жети киши (анын ичинен бирөө бала) каза таап, 18и жарадар болгону айтылат.

РИА Новостинин кабарчысы Плеханов көчөсүндөгү соода борбору талкаланганын, анын ичинде азык-түлүк дүкөнү, дарыкана жайгашканын билдирди. Ал эми №42 мектептин терезелери күбүлүп, стадиондун инфраструктурасы иштен чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости