www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-2023-жылдары дүйнөдө ачарчылыктын азабын тарткандардын саны Украинадагы кырдаалдан улам 11-19 миллион адамга өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) рынок жана соода бөлүмүнүн директору Бубакер Бен-Бельхассен айтканын "Ридус" жазды.
Анын айтымында, кыйынчылыкка көбүрөөк Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африка кабылышы мүмкүн, себеби бул эки аймак буудайдын, өсүмдүк майынын импортунан катуу көз каранды. Бубакер Бен-Бельхассен азыркы кризис Сахарадан түштүктү көздөй жайгашкан Африка өлкөлөрүнө, ошондой эле Бангладеш менен Индонезия кирген Азия мамлекеттерине таасир эткенин белгилеген.
Жер семирткич жана башка айыл чарба товарларынын кымбатташы өндүрүштү кеңейтүүгө кедергисин тийгизери айтылууда. ФАО дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүндөгү абал начарлагандан начарлай берерин белгиледи.
Өз кезегинде Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) Орусия Украинага кол салгандан кийин тараткан билдирүүсүндө дагы эскертүүлөрдү берген.
Мекеме өз маалыматында, эки өлкө биригип дүйнөдө арпанын 19%, буудайдын 14%, жүгөрүнүн 4%, күн карама майынын 52% камсыз кыларын белгилеген. Ошол себептүү мекеме Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш дүйнөдөгү азык-түлүк коопсуздугуна чоң коркунуч жаратарын кабарлаган.
Эске салсак, буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Украинадан эгин экспорттоонун бир нече жолу бар экенин айткан.
Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан дан азыктарын негизинен Орусиядан алат. Алатоолуктар жылына 770-800 миң тонна буудай керектесе, жергиликтүү ишкерлер болгону 400 миң тонна гана жыйнайт.
Булак: NazarNews.kg