www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сомалидеги кургакчылыктан улам миллиондогон адамдардын ачарчылыкка кабылышы мүмкүн экени эскертилди. Бул тууралуу трт.нет билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктери биргелешкен билдирүүсүндө, өлкөнүн калкынын 40 пайызына барабар болгон 6 миллион адамдын ашкере азык-түлүк коопсуздугу менен бетме-бет келгенин кабарлашты.
Билдирүүдө өлкөнүн 6 башка аймагында ачарчылык болушу мүмкүн экендиги эскертилип, кургакчылыктан улам жардамга муктаждардын саны жыл башынан бери эки эсеге өскөндүгү белгиленди.
Гуманитардык жардам аракеттерин ылдамдатуу үчүн шашылыш каражат керектиги баса белгиленген билдирүүдө, антпесе кеңири жайылган ачарчылык коркунучунун болоору маалымдалды.
Билдирүүдө ошондой эле малдын өлүмү жана азык-түлүктүн кымбатташынан улам азыркы абалдан эң көп балдардын жабыркаганы, балдар тамак-ашка да, сүткө да жете албай жатканы айтылды.
2011-жылдагы кургакчылык жана азык-түлүк кризисинен улам Сомалиде болжол менен 260 миң киши каза болгон.
Булак: NazarNews.kg