www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сомалиде 7,8 миллион адамдын кургакчылыктан жапа чеккени билдирилди.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гуманитардык иштер координация кеңсесинин (OCHA) басма сөз катчысы Йенс Лаерке, Сомалидеги кургакчылыктан улам 1,1 миллион кишинин көчүүгө аргасыз болгондугун кабарлады. 7,8 миллион сомалиликтин кургакчылыктан жабыр тартканын белгилеген Лаерке, кургакчылык менен күрөшүү үчүн кеминде 2 миллиард долларга муктаж экенин айтты.
Лаерке эгер керектүү жардам берилбесе ноябрь жана декабрь айларында Байдоа жана Бурхакаба аймактарында ачарчылык болоорун эскертти.
Сомали тарыхындагы эң катуу кургакчылыкты башынан кечирүүдө. Бул тууралуу трт.нет билдирди.
24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунан улам эгин ташуулар токтоп, согуштун айынан гуманитардык жардамдын азайышы, террордук уюм Аль-Шабабдын аймакта болушу сыяктуу себептер менен бирге узакка созулган кургакчылыктан улам сомалиликтердин айрымдары үйлөрүн таштап башка аймактарга көчүп кетишүүдө.
Булак: NazarNews.kg