www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун Аялдарга каршы дискриминацияны жоюу комитети тажик кыз-келиндерге ондогон адистикке салынган тыюуга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. 

Уюмдун басма сөз кызматы маалымдагандай, 19-февралда тараткан билдирүүдө эксперттердин корутундусу Тажикстандын аялдардын дискриминациясынын бардык түрлөрүн жоюу боюнча конвенциянын аткарылышы боюнча отчетуна негизделген.

Алсак, комитет Тажикстандын Конституциясына ылайык, аялдардын “жер астындагы жумуштарда жана кооптуу шарттарда иштөөсүнө”, 150 кесипти аркалоосуна тыюу салуу кооптонуу жаратат деп эсептейт. БУУнун эксперттеринин айтымында, бул жобо кыз-келиндерди ашыкча коргойт жана гендердик стереотиптерге негизделген.

БУУнун эксперттери тажик бийлигине «эмгек кодексин теңдик жана дискриминацияны алдын алуу жөнүндөгү жаңы мыйзамга ылайыкташтырууну жана аялдар үчүн 150 кесипке салынган тыюуну тез арада алууну» сунуш кылды. Ошондой эле кооптуу шарттарда иштеген бардык жумушчулардын укуктарын коргоого чакырды.

Былтыр жыл этегинде кошуна өлкө аялдардын иштөөсүнө тыюу салынган кесиптердин санын 334төн 194кө чейин кыскарткан.

Тажик кыз-келиндер мисалы жыгач уста, бургулоочу, кенчи, бомба жасоочу, сантехник, электрик болуп жана башка ондогон жумуштарда иштей албайт.

«Азатытктын» тажик кызматы жазгандай, жумушсуздук шартында кээ бир кесиптерге чектөө айрым аялдардын абалын кыйындатууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости