www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы согуш аракеттери башталгандан бери өлкө калкынын төрттөн бири, же 10 миллиондой адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Филиппо Гранди “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, бул санга өлкөнүн ичинде жер которгондор жана өлкөнүн сыртына чыгып кеткендер кошо кирет. Мекеменин маалыматына ылайык, 20-мартка чейин 3,4 миллиондой украин жараны, көбүнчө аялдар жана балдар, башка мамлекеттерге качып чыккан. 18 жаштан 60 жашка чейинки аскерге жарактуу курактагы эркектерге өлкөдөн чыгууга чектөө коюлган.

Украиналык качкындарды, негизинен, Польша, Румыния, Словакия, Мажарстан, Молдова жана башка мамлекеттер кабыл алууда. Европа Биримдиги украиналыктарга уюмга мүчө 27 мамлекеттин аймагында үч жылга чейин жүрүү укугун берди.

Белгилей кетсек, Украинага каршы согушту Орусия 24-февраль күнү баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости