www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азык-түлүк тартыштыгы Африканын төрт өлкөсүндө кескин көбөйөт. Жалпысынан дүйнө жүзү боюнча 16 мамлекет бул көйгөйгө кабыларын Бириккен Улуттар Уюмуна таянып "Известия" жазды.

Уюм жакынкы айларда эле Буркина-Фасо, Йемен, Түштүк Судан жана Нигериянын эли тамак-ашсыз каларын айткан. Бул жактагы кырдаалды ички чыр-чатактар, экономиканын төмөндөшү, экстремалдык климат жана COVID-19 пандемиясы начарлатып жатат.

БУУ, мындан сырткары, 16 өлкөдө ачкачылык күчөшү мүмкүндүгүн, бирок кайсы жакта экенин тактаган эмес.

"Жакынкы айларда абал дагы начарлап кетсе, ачарчылык тобокелдиги жогорулайт деп кооптонуп жатабыз", — деген БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Клаудия А По.

Белгилей кетсек, БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба бирикмесинин өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Доминик Буржон эл аралык коомчулукту кырдаалды курчутпоо үчүн тезинен чара көрүүгө чакырган.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости