www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Судандын өкүлү Амир Махмуд Абдулланы БУУнун "кара деңиз дан демилгеси" боюнча координатору кылып дайындады. Бул тууралуу РИА Новости уюмдун маалымат кызматына таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, Абдулла бул кызматта убактылуу иштеп жаткан америкалык Фредерик Кеннинин ордуна келди.
"БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Судандын өкүлү Амир Махмуд Абдулланы БУУнун "кара деңиз дан демилгеси" боюнча координатору кылып дайындады", — деп жазылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, Абдулланын Дүйнөлүк азык-түлүк программасында эмгек тажрыйбасы чоң.
Эске салсак, 22-июлда Орусия, Түркия жана БУУнун өкүлдөрү РФтин азык-түлүгүн экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салуу жана Украинанын дан эгиндерин чыгарууга Орусиянын жардам көрсөтүүсү боюнча документтерге Стамбул шаарында кол коюшкан.
Салтанатка Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу катышкан.
БУУ дандын жетишсиздигинен улам азык-түлүк кризиси күтүлүп жатканын бир эмес, бир нече ирет айткан. Батыш Орусияны дүйнөлүк рынокко украин данын чыгарууда тоскоолдук кылып жатат деп айыптап келет. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадан эгин экспорттоодо эч кандай маселе жок экенин жана Москва буга кийлигишпей турганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg