www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш 17-августта Украинанын Львов шаарына келди. Бейшембиде аталган шаарда анын жанан Украинанын президенти Владимир Зеленский, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын катышуусунда сүйлөшүүлөр өтөт.

Эрдоган Украинадагы согушта ортомчу болууга бир нече жолу аракет кылганын Reuters агенттиги жазган. Украинанын эгинин экспортко чыгаруу боюнча келишимде да Анкаранын ролу чечүүчү болгон.

Гутерриштин басма сөз катчысы Стефан Дюжарриктин айтымында, Львовдогу жолугушууда Запорожье атомдук электр станциясынын (АЭС) айланасындагы кырдаал, ошондой эле Украинадагы согушту саясий жактан жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү талкууланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости